Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Баткенде нааразылык акциясы өтүп жатат


Ушу тапта Баткендеги облустук акимчилик алдында 150гө чукул адам нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, чогулгандар жана жол буугандар чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана кечээ Баткендин Жака-Өрүк айылындагы чек ара чатагы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюп жатат.

Акция катышуучуларынын жүйөсүндө, чек арадагы жаңжал учурунда облустук бийлик өкүлдөрү ыкчам аракет көрбөй, чатак чыкккан аймактагы жарандардын коопсуздугун сактай алган жок. Мындан улам өкмөттүн облустагы өкүлү баштаган бир катар бийлик өкүлдөрүн кызматтан алуу талап кылынууда.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG