“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цой 6-июлга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Дмитрий Цойду ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы 6-майда кармаган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна аткан деп шектелүүдө.
Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, пистолети менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бардыгын да иликтеп жатат.(BkA)