Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Турчинов: Жикчилер менен сүйлөшпөйбүз


Украин өкмөтү Донецк жана Луганск облустарынын жергиликтүү бийлиги, коомдук активисттери жана ишкерлери менен жолугушууга даяр, бирок куралчан кылмышкерлер менен сүйлөшүү болбойт. Бул тууралуу украин президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов билдирди.

Ошондой эле Турчинов орус президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы "жазалоо операциясы" тууралуу билдирүүсүнө жооп катары "ал жакта күч кызматкерлери элдин өмүрүн сактап калуу үчүн антитеррордук операция жүрүгүзүп жатканын" айтты.

Кечээ, 7-майда Путин өзүн өзү республика деп жарыялоону чечкен Донецк жана Луганскка кайрылып, бул боюнча 11-майга белгиленген референдумду токтото турууга чакырып, расмий Киевди "жазалоо операциясын" жүргүзүүдө" деп айыптаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG