Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Вице-премьер Баткендеги чыр чыккан айылга барды


Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 7-майда кыргыз жана тажик жарандары ортосунда чыр чыккан Жака-Өрүк айылынын тургундары менен жолугууда. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, жергиликтүү тургундар Маматалиевден чек ара маселесин тез чечүүнү жана кечээки жаңжалга күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатат. Маматалиев окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Учурда жолугушуу уланууда.

7-май күнү кечки саат жети чамасында чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан кыргыз тараптан 14 адам жабыркаганын маалымдады. Анын 9у ооруканада. Бир адамга ок тийген, анын абалы оор. Ал эми Тажикстандан 8 адам жаракат алганы кабарланды. (BkA)

XS
SM
MD
LG