Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Нарын соту Батукаев боюнча өз чечимин кайра жокко чыгарды


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Азиз Батукаевди айыккыс оорусуна байланыштуу абактан эртелей бошотуу боюнча Нарын шаардык сотунун чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Башкы прокуратура Батукаевдин ишиндеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча мурдагы сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Прокуратуранын жүйөсүндө, Батукаевге жалган диагноз коюлуп, аны абактан чыгаруу атайылап уюштурулган. Нарын шаардык соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, Батукаевди ден соолугуна байланыштуу абактан эртелей бошотуу боюнча 2013-жылы 9-апрелде кабыл алынган өз чечимин кайра жокко чыгарды.

Батукаев түрмөдөн эртелей бошонуп кеткенден кийин ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. Өткөн айда Баш прокурор Аида Салянова Батукаев боюнча иш кайра карала баштаганын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG