Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Кытайда оппозициячыл журналист камалды


Кытайда белгилүү оппозициячыл журналист Гао Ю "мамлекеттик жашыруун маалыматты башка өлкөлөргө өткөрүп бергени үчүн" деген айып менен кармалды. Бүгүн мамлекеттик телеканал 70 жаштагы журналист өз айыбын моюнуна алып интервью берип жатканын көрсөттү. Бирок видеодо анын бети так көрсөтүлгөн жок.

Бээжиндин Тянанмен аянтында нааразылыкка чыккан жүздөгөн адамдын өмүрүн алган окуянын 25 жылдыгын утурлай Кытайда соңку кезде активисттерди кармоо өнөктүгү жүрүп жатат.

Мурда мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген Гао Ю ошол акциянын тарапкерлеринин бири болгон. 1993-жылы ал "мамлекеттик сырды сактабаганы үчүн" деп айыпталып, 6 жылга кесилген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG