Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Нигерияда “Боко Харам” чабуулунан жүздөгөн киши набыт болду

Нигериянын түндүк-чыгышындагы Гамбору Нгала шаарына экстремисттик топ чабуул коюп, жарандарга ок чыгарып, үйлөрдү жана дүкөндөрдү өрттөгөн. Исламчылардын колунан набыт болгондордун саны 300гө жеткенин жергиликтүү бийлик билдирет. 5-майдын кечинде башталган чабуул 12 саатка созулган.

"Боко Харам" тобунун мүчөлөрү өткөн апталарда Борно штатындагы мектеп-интернаттан 270 кызды уурдап кеткен. АКШ кыздарды таап куткарууга жардам берүүгө атайын топту Нигерияга жиберди.
​
XS
SM
MD
LG