Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:00

Донецктеги референдум белгиленген убакта өтөт


Бул тууралуу Донецктеги орусиячыл жикчилердин лидерлери билдирүүдө. Референдумду мурда мерчемделгендей эле 11-майда өткөрүү чечимин Донецк Элдик республикасы түзүлгөнүн жарыялагандардын “координациялык комитети” бүгүнкү жыйынында кабыл алган.

Өзүн Донецктеги жикчилер кыймылынын лидеримин деп атаган Денис Пушлиндин айтымында, референдум 11-майда болот. Ага "Украинадан бөлүнүү керекпи же жокпу?" деген суроо коюлууда. Мунун алдында кечээ орус президенти Путин Донецк жана Луганск аймактарындагы жикчилерди референдумдарын токтото турууга үндөгөн эле. Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк Путиндин чакырыгын комментарийлеп:

- 11-майда Украинада эч кандай референдум пландалбаганы тууралуу Орусия президентине маалымат берип коюуну суранышбыз керектир. Эгер Орусия колдогон террорчулар менен жикчилер пландалбаган нерсени которуу жөнүндө көрсөтмө алган болсо, бул алардын ички талаштары, - деди.

Лугансктагы жикчилер 11-майдагы референдумун өткөрөбү же которобу, азырынча кабар түшө элек. (UE)

XS
SM
MD
LG