Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Кыргызстан чек ара чатагы боюнча Тажикстанга нота жолдоду


Баткендеги 7-майдагы чырга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жолдоду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн аталган мекемеге тажик элчиси Олим Рахимов чакырылып, нота тапшырылды.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Баткендин Жака-Өрүк аймагында тажик жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Муну менен бирге Абдылдаев чек ара чатагындагы күнөөкөрлөрдү жазалоо жана кыргызстандыктардын талкаланган мүлкүн төлөп берүү талабын койду.

7-май күнү кечки саат жети чамасында чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан кыргыз тараптан 17 адам жабыркаганын маалымдады. Анын 9у ооруканада. Бир адамга ок тийген, анын абалы оор. Ал эми Тажикстандан 8 адам жаракат алганы кабарланды. (BkA)

XS
SM
MD
LG