Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Милиция Маматалиевди Жака-Өрүктөн чыгарып кетти


Коопсуздук боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиевди милиция Жака-Өрүк айылынан алып чыгып кетти. Бул тууралуу аймактагы “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады.

Буга чейин жергиликтүү тургундар чек ара жаңжалына күнөөлүүлөрдү жазалоону жана жаңжал учурунда ыкчам аракет көрбөгөн облустук бийлик өкүлдөрүн кызматтан алууну талап кылып вице-премьерди бошотпой жаткан. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, Маматалиев кармалып турган үйгө милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери барып чыгарып кетти. Буга нааразы болгон тургундар өкмөт өкүлүнүн унаасын таш бараңга алышты.

Абдрахман Маматалиев өткөн түнү жаңжал чыккан кыргыз-тажик чегиндеги Жака-Өрүк деген жерде жергиликтүү тургундар жолугушууга бүгүн барган болчу. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG