Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Санкт-Петербургда кыргыз маданиятынын күндөрү башталды


Маданият күндөрүнүн ачылышы Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында өттү. Ал КМШ Парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен өтүп жатат. Иш-чара Орусиянын улуттук китепканасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы менен башталды. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана башка расмий адамдар катышты.

Андан соң “Манас” эпосуна жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Орус окумуштуулары “Манас” эпосу тууралуу” темасындагы конференция өттү. (BkA)

XS
SM
MD
LG