Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин 8-май күнү Москвада өткөн бейформал саммитинде президент Алмазбек Атамбаев коопсуздукту бекемдөө үчүн чогуу аракет кылууга чакырды. Коопсуздукка экстремисттик уюмдар жана аймакты бөлүп-жарууга багытталган саясий күчтөр коркунуч келтирери белгиленди.
Мамлекет башчылары Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы карым-катышты бекемдөө маселесин да талкуулашты.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, бейформал саммиттен соң Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугуп, эки мамлекеттин кызыкчылыктары бир экенин, мындан ары да түрдүү багыттагы кызматташуу улана берерин айтты. (SE)