Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

"Центерра" жетекчисин шайлоодо "Кыргызалтын" добуш берген жок


Кумтөрдүн алтыны
Кумтөрдүн алтыны
Канаданын Торонто шаарында Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушу 8-майда аяктады. Онтарионун борборунда болуп өткөн жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайланып, анын төрагасы бекитилди. Бул тууралуу "Центерра" кабарлады.

Директорлор кеңешинин төрагасын шайлоодо "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы добуш берген жок. Тагыраак айтканда, кеңештин төрагасы Стивен Лэң, көз карандысыз директор Терри Рожерс жана төрага орун басары Брюс Уолтерди директорлор кеңешинин жетекчилик кызматтарына шайлоого "Кыргызалтын" добуш бербеди.

"Центеррада" көпчүлүк добуш менен шайлануу саясаты жок болгондуктан, Лэң компаниянын дайындоо жана корпоративдик башкаруу комитетине кайрылды. Аталган комитеттин мүчөлөрү компаниянын кызыкчылыгын эске алуу менен бир добуштан Ситвен Лэңди директорлор кеңешинин төрагасы кызматында калтырууну колдоду. Бул чечимди кеңештин башка мүчөлөрү да жактырды.

Кечээ 8-майдагы сооданы Торонто фондулук биржасында "Центерра Голддун" акциялары 5 канада доллары 39 цент көрсөткүчүндө аяктады. Азыркы тапта 236 миллиондой акция жүгүртүүдө. Алардын базардык капитализациясы 1.27 миллиард канада долларына барабар. Кыргызстан ээлик кылган 77.3 миллион акция учурда 416 миллион канада долларынан бир аз ашты. Бир канада доллары – 48 сом 80 тыйын. Алтындын унциясы 1290 доллардан сатылууда. (BAz)

XS
SM
MD
LG