Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Жеңиш майрамына карата веложарыш өткөрүлөт


Жеңиш майрамынын 69 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында бүгүн веложарыш өтөт. Ага каалоочулардын баары катыша алат. Веложарыштын маршруту Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрү кесилишкен жерден башталып, Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине чейин созулат.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Салия Борбиева “Азаттыкка” билдиргендей, Жеңиш аянтында майрамдык салтанат саат 10до башталат. Ага президент Алмазбек Атамбаев жана башка мамлекеттик жетекчилер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери катышат. Иш-чара концерт менен коштолуп, шаардын башка аймактарында да уланат. Кечинде Жеңиш жана Ала-Тоо аянттарында чоң салют менен жыйынтыкталат.

Майрамдык иш-чаралар Кыргызстандын бүткүл район-шаарларында да өтөт. Ал эми Жалал-Абад шаарында майрамга карата №8 жана №9 каттамдагы төрт автобус жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миңдей согуштун жана 8 миңден ашуун оруктун ардагери бар. 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 155 миңден ашыгы кайтпай калган. (SE\RK)

XS
SM
MD
LG