Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Советтер союзунун баатыры Тайгараевдин эстелиги ачылат


Улуу Жеңиштин урматына бүгүн Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" гүлбагында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулат.

Жалал-Абад-Казарман жолунун боюна фронтко 19 жашында өз ыктыяры менен кетип, 1944-жылы курман болгон Советтер союузунун баатыры Тукубай Тайгараевдин бетондон жасалган, бийиктиги 13 метр болгон айкели ачылат. "Телтору" ат майданында Жеңиш күнү жана ага жалалабаддыктардын кошкон салымын баяндаган театрлаштырылган оюн-зоок өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Жалал-Абад облусунда Экинчи дүйнөлүк согуштун 199 ардагери жашайт. Согушка облустан 30 миңден ашуун адам чакырылган. Фронтто көрсөткөн эрдиги үчүн жалалабаддык 7 адамга “Советтер союзунун баатыры” наамы ыйгарылган. (YA)

XS
SM
MD
LG