Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Жумгалда камактагы жарандардын туугандары митингге чыгат


Нарында Жумгал райондук сотунда башаламандык уюштурганы үчүн камалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен 10-майда мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштайт. Бул тууралуу камактагы жарандардын туугандары “Азаттыкка” билдиришти.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда бул окуя боюнча сот болуп жатканда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Алардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен дагы бир милиционер ушул күнгө чейин табылбайт.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини эки ай тергөө абагына камаган. (TSh\SE)

XS
SM
MD
LG