Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Маматалиев: Чек ара жаңжалы жети миллион сом зыян алып келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, жаңжал чыккан Жака-Өрүк участогунда атайын тергөө тобу иштеп жатат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча 7-майдагы окуядан 7 миллион сом зыян келгени анык болду.

Маматалиев кошумчалагандай, бейшемби күнү кечинде ички иштер министринин орун басары баштаган бийлик кызматкерлери коңшу өлкөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда кыргыз тарап жаңжалга күнөөлүүлөрдү жазалоо жана келтирилген зыянды төлөп берүү талабын койду. Жолугушуу жыйынтыгында Тажикстандын бийлик өкүлдөрү мындай сунушка макул болгонун вице-премьер белгиледи.(BkA)

XS
SM
MD
LG