Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

9-май күнү Украинада коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Бийлик мындай чарага эл чогулган жайларда орусиячыл активисттер менен Украинанын бүтүндүгүн жактоочулар ортосунда кагылыш чыгып кетет деген кооптонуудан улам барды. Премьер-министр Арсений Яценюк 8-майдагы сөзүндө орус президенти Путин украин өкмөтүн каралоо үчүн нацисттик Германияны жеңүү күнү "кагылыш уюштурушу ыктымал" деп шектенгенин айткан.

Украинанын чыгышындагы Донецк жана Лугансктагы орусиячылар Путиндин кайрылуусуна карабай 11-майда региондун эгемендиги боюнча референдум өткөрүүдөн баш тарта элек.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштондун өкүлү Биримдик “референдум 11-майда же андан кийин да болбош керек” деген көз карашын билдирди.

Өлкө чыгышындагы Славянск жана Краматорск шаарларынын элине террорчулар түдөн түз коркунуч жаратып жатканын Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Наливайченко 8-майда кабарчылар менен жолугушууда маалымдады:

- Славянск жана Краматорскиге реалдуу коркунуч бар, элге коркунуч бар деп айтуудабыз. Коопсуздук алкагынан чыгып бараткан куралчандар улутуна жана ниетине карабай камакка алынып, иши сотко өткөрүлөрүн кайра кайталайбыз, - деди.

Аталган эки шаарда жергиликтүү бийликтин кеңселерин орусиячыл согушкерлер басып алган.

XS
SM
MD
LG