Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Яценюк: Орусия дале Украинаны бейстабилдештирүүдө


9-май күнү Украинада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бийлик мындай чарага "эл чогулган жайларда орусиячыл активисттер менен Украинанын бүтүндүгүн жактоочулар ортосунда кагылыш чыгып кетет" деген кооптонуудан улам барды. Премьер-министр Арсений Яценюк 9-майда кабарчылар менен кездешүүдө Орусияны Украинаны бейстабилдештирүү аракетин токтото элек деп сындады:

- Орусия дале абалды бейстабилдештирүүдө. Биз бирок абалды деэскалациялоо үчүн жана бул проблеманы толук жөндөө үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Террорчуларды, элге зыян келтиргендерди сот алдында жооп бердиребиз. Биз эки жума мурда жалпы улуттук диалогду баштадык жана өлкө биримдикте болот деп ишенебиз.

Украинанын чыгышындагы Донецк жана Лугансктагы орусиячылар Путиндин кайрылуусуна карабай 11-майда региондун эгемендиги боюнча референдум өткөрүүдөн баш тарта элек.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштондун өкүлү Биримдик “референдум 11-майда же андан кийин да болбош керек” деген көз карашын билдирди.

Орусия мартта Крымга аскер киргизип, өткөрүлгөн референдумга шылтап 2 миллион калктуу автономияны Украинадан тартып алган.

XS
SM
MD
LG