Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Украина: Мариуполдогу салгылашта сегиз жаран окко учту


Украинанын түштүгүндөгү Мариупол шаарында кагылышта 8 адам өлдү. "Интерфакс - Украина" агенттигинин маалымдашынча, коопсуздук күчтөрү жикчилерди шаардык полицияканадан сүрүп чыгуу максатында жасаган чабуул кезде жамгырдай жааган окко кабылган. Агенттик коопсуздук күчтөрү жикчилерге каршы мыкты корголгон аскерий машинелерди пайдаланып жатканын билдирди. Мариуполдун милиция башкармалыгы салгылашуу жөнүндө билдирүү жасай элек.

482 миң калктуу Мариупол Украинанын түштүгүндөгү эң чоң өнөр жай борбору жана жол түйүнү.
Шаардык өкмөттүн имараты апрелдин ортосунан бери орусиячыл жикчилдердин колунда. Акыркы эки күндө бул имараттар бир нече жолу колдон колго өткөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG