Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Путин Украинадан тартылып алынган Крымда жүрөт


Президент Владимир Путин 9-майда Крымга барып, Орусиянын согуштук кемелерин кыдырып көрдү. Севастополдо Орусиянын Кара деңиз аскер флоту жайгашкан.

Крымга Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын талкаланышынын 69 жылдыгын майрамдоо салтанатына келген Путин Севастополдо чоң аскердик парадга да катышат. Бул Путиндин марттагы референдумдан кийин Крымды Орусия Украинадан аннексиялап алгандан бери аймакка биринчи ирет келүүсү.

Севастопол нацисттик Германиядан бошотулганынын 70 жылдыгы да белгиленүүдө.

9-майда эртең менен Владимир Путин Москвадагы Жеңиш парадына катышкан. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен 9-майда Таллинде сүйлөп жатып Путиндин Крымга баруусун “натуура” деп сыпаттады. Ал 9-майда Таллин университетинде сүйлөп, Түндүк Атлантика уюмунун стратегиялык кызматташуу сунушуна Орусия оң жооп бербей жатканына токтолду:

- Биз ар этапта Орусияны тартканга аракет кылдык. НАТО узак жылдардан бери Орусия менен чыныгы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө далалат кылып келет. Ага Орусия конструктивдүү жооп бербей жатат. Орусия азыр НАТОну өнөктөш эмес, жоо катары караганы мени абдан өкүнтөт.

XS
SM
MD
LG