Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Иракта кагылыштарда дагы сегиз адам бейажал өлдү


Ирактын Фаллужа шаарындагы кагылыштарда 8 адам курман болду. 9-май күнкү аткылашуу маалында өлгөндөрдүн экөө жаш балдар экенин "Франс пресс" агенттиги билдирди.

Жергиликтүү уруулар колдогон өкмөттүк аскерлер Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарын январдан бери сунни көпчүлүктөн кайтарып алууга аракет кылууда.

Кечээ Ирактын ар кайсы бөлүгүндө болгон чабуулдарда 15 адам жайран болгон. Багдаддын түндүк ныптасындагы Хусейния кичи районунда кафеде болгон жардыруудан төрт адам өлгөн.

БУУнун эсебинче былтыр Иракта 8868 адам мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG