Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жеңиш күнүнө арналган турнирде таластык көк бөрүчүлөр утту


9-майда Бишкек шаарындагы “Ак кула” ат майданында Жеңиш күнүнө жана белгилүү киноишмерлер Үсөн Кудайбергенов менен Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элестерине арналган көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байге үчүн Талас облусунун тандалма командасы менен Бишкек шаарынын «Бөрүлү» командасы беттешип, курч таймашууда таластык жигиттер 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жайыл районунун “Суусамыр” командасы үчүнчү орунду ээледи. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Көк бөрүдөн сырткары да 9-майда кунан жарыш, бышты чабыш, кунан, бышты жорго, топ байге, аламан байге, жорго салдыруу, оодарыш сыяктуу ат оюндары өтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.

Кыска аралыктарга асыл тукум күлүктөр да сыналып, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Айландер аттуу аргымагы марага биринчи келди.

Бул ирет мелдештин демөөрчүсү “Замандаш” ассоциациясы, «Аргымак» ат оюндар жана көк бөрү федерациясы болуп, баш-аягы 1 миллион сомго жакын байге жеңүүчүлөргө ыйгарылганын «Аргымак” федерациясынын президенти Канат Исаев маалымдады.

Көк бөрү мелдеши 6-майдан бери өткөрүлүп, ага өлкө аймагынан тандалган 6 команда катышты. (КМа)

XS
SM
MD
LG