12:45
10.5.2014
Ушул таптан форумга катышуучуларды каттоо аяктап жатат. Алардын арасында Бишкектин мурдагы мэри Борис Силаев да бар. Форумга катышуу үчүн КТРКнын башчысы Кубат Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев келишти.
12:47
10.5.2014
12:57
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Москва шаарында кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк III курултайынын ачылышы болду. Курултайга дүйнө жүзүнөн келген кыргызстандыктар катышууда. Бул ирет өткөрүлүп жаткан курултай дүйнөдөгү эмгек мигранттарынын проблемалары жана аларды чечүүгө арналган.
13:02
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Абдыганы Шакиров: мигранттар мекенге технология жөнөтүүгө өтүшү керек
Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Абдыганы Шакиров өз сөзүндө чет жактагы эмгек мигранттарынын которгон каражаттары Кыргызстандагы стабилдүүлүктү камсыз кылууда мааниси чоң экенин белгиледи. Шакировдун пикиринде, кыргыз эмгек мигранттары Кыргызстанга жөн гана каражат жөнөтпөстөн, жаңы технологияларды жөнөтүүгө өтүшү керек.