Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Жумгал: камактагы жарандардын туугандары митингге чыкты


Нарында Жумгал райондук сотунда башаламандык уюштурганы үчүн камалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен бүгүн мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштады. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Дамира Садырбаева “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук админстрациянын алдына отузга жакын аял чогулуп, бир боз үй тигишти. Алар “ИИБ жетекчиси Нарынбек Молдоисаев кетсин!”, “Тергөөнүн ишине нааразыбыз!”, “Күнөөсүз камалгандар бошотулсун!” деген баракчаларды кармап турушат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда бул окуя боюнча сот болуп жатканда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган.

Өрттөн жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционер ушул күнгө чейин табыла элек.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини эки ай тергөө абагына камаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG