Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Батыш Путиндин Крымга барышын сындады


АКШ Орусия президентинин Крымга жасаган сапарын “чагымчыл” деп атады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки Вашингтондон сүйлөп жатып:

- Бул - чагымчыл иш сапар. Крым Украинага таандык. Биз, албетте, Орусиянын бул багыттагы легитимсиз, мыйзамсыз иш-аракеттерин тааныбайбыз, - деп айтты.

Ал эми Еврошаркеттин пикиринде, Путин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүн майрамдоону Крым аннексияланганын көргөзүү үчүн пайдаланбашы керек эле.

НАТО башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Путиндин сапарын “орунсуз” деп мүнөздөдү.

Путин кечээ Севастополдогу сөзүндө Крымдын Орусияга кайтышын “тарыхый адилеттүүлүктүн” орношу деп баалаган. Анын бул сапарына расмий Киев да нааразылык билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG