Украинанын чыгышындагы бул шаарда жүргөн журналисттердин кабарларына караганда, шаарда кагылыштар бүгүн да уланып жатат.
Кечээ украин аскерлери бул жерде шаардын полиция бекетин басып алган жикчил козголоңчуларга каршы операция өткөрүшкөн болчу.
Украин ички иштер министри Арсен Аваковдун айтымында, уруш учурунда 20 согушкер, бир полицей мерт болгон. Мындан сырткары төрт полицей жаракат алып, төрт козголоңчу колго түшүрүлгөн.
Донецк облустук бийлиги мурдараак Мариуполдун медициналык кызматтарына таянып, жума күнкү аскерий операциядан жети адам өлүп, 39 киши жаракат алганын кабарлаган.
Мариуполдун жергиликтүү бийликтери, 10 –майды шаарда аза күтүү күнү деп жарыялашты. (UE)