Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Түлөбердиевдин элесине арналган турнир өтүүдө


Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүүгө арналган грек-рим күрөшүнөн турнир башталды. Мында өлкө аймагынан тандалган 14-17 жаштагы эки жүздөй жаш балбан 14 салмак категориясы боюнча күч сынашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы калыс Мейрамбек Ахмедов кабарлады.

10-майда 7 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңил салмакта базаркоргондук Нурсултан Машрап уулу баш байгени ээси болду. 35,42,58 килограмм салмактарда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары Арлен Эралиев, Марлен Нурбек уулу жана Акжол Махмудов биринчи орундарды камсыз кылды. 50 жана 85 кг. салмакта бишкектик Даулет Айдарбеков менен Медер Абыкеев жеңишке жетти. 69 кг. салмактын баш байгесин бакайаталык Адил Абдыкеев утуп алды.

Жаш балбандарды шыктандыруу үчүн Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев, Азия чемпиондору Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев баш болгон атактуу балбандар мелдештин ардактуу мейманы болуп, кеп-кеңештерин айтышты. 11-майда дагы 7 салмак категориясы боюнча күч сынашуулар болмокчу. (КМа)

XS
SM
MD
LG