Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сарпашев: Түштүккө газ качан берилери белгисиз


Өлкө түштүгүнө газ качан берилери белгисиз. Ошентсе да “Газпромдогулар” бул маселе жакын арада чечилет деп ишенип атышат. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Ата иш сапарда жүргөн учурда журналисттерге билдирди.

"Мамлекеттер аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр кызуу жүрүүдө. Жакында эле премьер-министр Жоомарт Оторбаев Москвада түштүккө газ берүүнү калыбына келтирүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Маселе орус жана өзбек
тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилет”, - деди Сарпашев.

Эске салсак, Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде токтоткон. Өзбек тарап муну “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышына байланыштырган. Өз кезегинде “Газпром” Кыргызстанда 1-июлдан тарта гана иштей баштарын билдирген болчу. (МТо)

XS
SM
MD
LG