Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Сирия: Хомстун тургундары үйлөрүнө кайтып жатышат


Жүздөгөн сириялыктар бул шаардагы үйлөрүнө акыркы эки жылга жакын убакыттан бери биринчи ирет кайтышууда. Буга оппозиция күчтөрү менен өкмөт жетишкен макулдашуунун натыйжасы мүмкүндүк берди.

Ага ылайык, козголоңчулардын акыркы тобу шаардан кечээ чыгып кеткен.
Алардын артынан өкмөттүк күчтөр эл келип жаткан аймактарда жардыруучу заттар бар-жогун текшерүүгө киришти.

Хомстун губернатору Талал Баразинин ырастоосунда, азыр шаардын райондору “коопсуз, курал-жарак жана козголоңчулар” жок.

Шаардын козголоңчулар ээлеп алган борбордук кварталдары бир жылдан ашуун мезгилден бери өкмөттүк күчтөр тарабынан курчалып туруп, мындан улам бул аймактарда ачарчылык да өкүм сүргөн.

Сирия президенти Башар Асадга жан тарткан күчтөр акыркы апталарда козголоңчуларды Дамасктын айланасынан жана өлкөнүн борбордук райондорунан сүрө алды. Бирок Сириянын көп бөлүгү азыр деле өкмөттүн көзөмөлүндө эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG