Кыргызстандан Сирияга кеткен 2 кыз мекенине алып келингенин “Азаттыкка” бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, 17 жана 24 жаштагы бул жарандар Сирияга интернет аркылуу таанышкан адамдардын таасири менен Түркия аркылуу барган. Сирияга барган соң алданып калганын түшүнүп, кайра мекенине кайтып келди. Буга Түркиянын полициясы көмөктөштү.
Буга чейин УКМК Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 70тен ашканын кабарлаган болчу.(BkA)
Буга чейин УКМК Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 70тен ашканын кабарлаган болчу.(BkA)