Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Пакистанда массалык нааразылык акциясы өттү


Пакистан оппозициясынын тарапкерлери 11-майда Исламабад шаарында нааразылык акциясын өткөрүштү. Анын башында мурунку крикет оюнчусу, азыркы оппозиция лидери Имран Хан турду.

Пакистан парламентинин алдына чогулган 25 миңдин тегерегиндеги тарапкерлерине кайрылган Имран Хан өткөн жылы өткөрүлгөн шайлоо учурунда көз боёмочулук болгон деп өкмөттү сынга алды. Ошол шайлоодо азыркы өкмөт башчы Наваз Шарифтин партиясы жеңишке жетишип, парламенттеги 342 орундун 190ун ээлеген болчу. Ал эми Имран Хан жетектеген партия 34 депутаттык орунга ээ болгон. Төрт шайлоо округу боюнча талаш-тартыш жаралган. Бирок алардын жыйнытыгы жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбей турганы айтылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG