Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Айбалаевди Баткен облус губернаторлугуна дайындоо өкмөттө каралган жок


Бул тууралуу өкмөттөгү булактан кабарлашты. Өкмөт Мамат Айбалаевди губернаторлукка дайындоо талабын саясий күчтөр коюп, ал шайлоо алдында саясий максатты көздөшү мүмкүн деген ойдо турат. Өз кезегинде Мамат Айбалаев эл талап кылса, губернаторлук кызматка барууга даяр экенин жекшембиде билдирди:

- Мени азыр эч ким чакырган жок. Сүйлөшкөн жок. Бийлик макул болсо барам. Мен даярмын.

8-майда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Айбалаевди губернаторлукка дайындоо талабын өкмөткө жеткирүүгө убада кылган. Эгерде талаптары аткарылбаса, эл кайрадан митингге чыгарын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG