Кыргыз тараптын делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектейт. Маалыматка караганда, 12-13-майда Дүйшөмбү шаарында боло турган сүйлөшүүдө Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курууга байланыштуу маселе талкууланат. Кыргыз делегациясы 7-майда чек арада чыккан жаңжалды жана анын учурунда кыргыз тарапка келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселесин да көтөрүүнү көздөөдө.
7-майда кыргыз жарандарына таандык бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки машине өрттөлгөн. 17 кыргызстандык жабыркап, анын тогузу ооруканага жаткырылган. Ал эми Тажикстандан 8 адам жараат алганы кабарланган. (AiT)