Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Базар-Коргон: Эс алууга чыккан бала сууга чөгүп кетти


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Аук айылынан бир үй-бүлө 10-май күнү табият коюнуна эс алууга чыгып, 6 жаштагы баласын жоготуп алды.

32 жаштагы Нургазы Бадалбаев туугандары менен Шайдан айылынын аймагына жаратылышка эс алууга чыккан. Көп өтпөй ээрчитип барган 6 жаштагы уулу Айтинур Бекжановду таппай калган. Түнкү саат бирге чейин издеп, натыйжа чыкпаган соң милицияга кабар беришкен.

11-май күнү эртең менен Айтинурдун жансыз денеси Шайдансай каналынан табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Териштирүү уланып жатат. (SE/RsK)

XS
SM
MD
LG