Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Бишкекте Оштогу өзбек театрынын концерти болот


Оштогу Бабур атындагы Өзбек музыкалык драма театрынын артисттери 12-майда кечинде Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында концерт коюшат.

10-майда “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду Бишкекте өзбек маданиятына арналган концерт-лекция уюштурган. Бабур театрынын жетекчиси Бахтияр Тухтаматов “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү концерт анын уландысы катары көрүүчүлөргө тартууланмакчы.

2010-жылы Ошто болгон кандуу калабадан соң өзбек ырчыларынын маданий иш-чаралары солгундап, 2013-жылдын февраль айынан тарта кайра жандана баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG