Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Баткен: митингде облус жетекчисине кызматтан кетүү талабы коюлду


Баткенде чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып чогулгандар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго кызматтан кетүү талабын коюшту. Облустук театрдын залында облус жетекчиси менен сүйлөшүп жаткандар аны тезинен кызматын таштап кетүүгө үндөдү.

Сөз алган аксакалдардын бири кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга аймактагы абалды жакшы билбеген азыркы өкмөт өкүлдөрү күнөөлүү деп эсептеди.
Чек ара көйгөйүнө байланыштуу Баткенде өтүп жаткан митингге 500дөн көп эл топтолгон. Облустук бийликтин имаратын милиция курчоого алып, көзөмөлдөөдө.

Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам, баткендиктер облус жетекчисин кызматтан кетирип, маселени чече ала турган кишини алып келүүнү өкмөттөн талап кылышкан. Жергиликтүүлөр маселе 3 күндө чечилбесе, митинг башташаарын билдиришкен. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG