Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Чек арада кыргыз жараны курал менен кармалды


Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү пунктунда кыргыз жараны травматикалык тапанча менен кармалды. Курал 11-май күнү ал айдап бараткан  Тoyota LandCruiser унаасы текшерилген учурда табылган. Grand Power Т-12 үлгүсүндөгү тапанча менен кошо 7 ок жана аңчылык бычагы да чыккан.
 
Кармалган жаран бул куралдарды Казакстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Териштирүү иштерин Чүйдүн Панфилов райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүп жатат. (SE)

 

XS
SM
MD
LG