Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Кремль Украинанын чыгышындагы элдин “эркин сыйлайт”


Украинанын чыгышындагы козголоңчулардын ырасташынча, 11-майда болгон референдумда добуш бергендердин 90 процентке жакыны аймактын өз алдынчалыгын колдошту. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы, референдум бүткөндөн эки сааттан кийин жарыяланды.

Референдумду Украин өкмөтү жана көпчүлүк Батыш мамлекеттери мыйзамсыз деп аташты. Донецкилик орусиячылардын айтымында, добуш берүүгө шайлоочулардын 75 процентке жакыны катышкан. Луганскилик жикчилдер аймактын төбөлсүздүгүн шайлоого катышкан адамдардын 96 проценти жактырганын, өнөктүккө шайлоочулардын 82 проценти катышканын маалымдады. Добуш берүүгө көз салууга эл аралык байкоочулар келген жок.

Донецк облусунда 4, 3 млн, Луганск облусунда 2, 25 млн эл жашайт.

Орусия жогорудагы эки региондун “элинин эркин сыйлаарын” билдирип, анын жыйынтыгы Украин өкмөтү менен Донецк жана Луганскинин жетекчилери арасындагы “цивилизациялуу жол менен өтчү” сүйлөшүүдө жүзөгө ашырылыш керек деди.

XS
SM
MD
LG