Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Президент Грибаускайте экинчи айлампага чыкты


Литванын учурудагы президенти Дали Грибаускайте жалпы элдик шайлоонун биринчи айлампасында баарынан көп добуш алды. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Грибаускайте 11-майдагы шайлоодо 45 проценттей добуш алганы кабарланды. Дали Грибаускайте президенттик шайлоонунун 25-майда болчу экинчи айлампасында солчул социал-демократтардын талапкери Зигмантас Балчитис менен беттешери айтылууда.

25-майда Литвада Европарламентке да шайлоо болот. Дали Грибаускайте Украинадагы кризис үчүн Орусияны өтө активдүү сындап жатты. Ал 2009-жылы Литванын биринчи аял президенти болуп шайланган. Грибаускайте айым 58 жашта, кесиби боюнча экономист. Мурдакы СССРде жана АКШда окуган.

XS
SM
MD
LG