Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Аба ырайы


12-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

13-майда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9 градус болот.

Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жана Нарын облусунун айрым аймактарында түнкүсүн -2 градус үшүк жүрөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG