Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Баткен: облустук бийликти коргоого Оштон милиция барды


Баткенде облустук бийликтин имаратын ИИМдин Оштон келген атайын даярдыктагы тобу коргоп жатканын аймактагы кабарчыбыз маалымдады. Ушул тапта обладминистрацияны жүздөн ашуун милиция кызматкери курчап турат.

Чек ара маселесин чечип берүүнү суранган жергиликтүү тургундар нааразылык акциясын улантууда. Алар өлкө бийлигинен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүүнү, ордуна мурдагы гебернатор Мамат Айбалаевди алып келүүнү талап кылып жатышат.

Тургундар өкмөт өкүлүн коргоо үчүн милициянын күчөтүлгөн тартипте иштешине, өткөн жумада чек арада болгон чатакты жайгарууга ушунча күч тартылбаганына нааразылыгынын билдиришти. 7-8-май күндөрү чек арада кыргыз-тажик жарандары чатакта кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн. Кыргыз айылдарындагы дүкөн жана унаалар өрттөлгөн. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG