Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жалал-Абадда барымтага алынган адам бошотулду


Жалал-Абад шаарында 8 күн жергиликтүү эки жарандын туткунунда отурган адам бошотулду. Барымтада кармалган киши Тажикстанда төрөлүп, кийин кыргыз жарандыгын алган.

Аны кармагандар коркутуп, Дүйшөмбү шаарындагы туугандарына телефон чалып, 100 миң доллар кун талап кылган.

УКМК бүгүн тараткан маалыматка ылайык, барымтаны уюштургандарды 9-майда күч кызматкерлери кармап, камакка алды. Алардын эмне үчүн бул кадамга барганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG