Душанбеде мамлекеттик чек араны мыйзамдаштыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын биринчи кездешүүсү аяктады. 12-майдагы жыйында тараптар Баткен районундагы Жеке-Өрүк айылында 7-майда болгон калаба, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо, ошондой эле чек ара аймактарындагы автожолдорду куруу маселеси талкуулады.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматты камсыздоо бөлүмүнүн жана Тажикстандын өкмөттүк "Хобар" агенттигинин кабарлашынча, вице-премьер-министр А. Маматалиев 7-майдагы тополоңду кылдат жана калыс иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну жана кыргыз жарандарына келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп берүүгө астейдил көңүл бурду. Сүйлөшүү 13-майда улантылат.
7-8-майдагы чатакта кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн.
Кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай эки контейнер жана эки автоунаа өрттөлгөн. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, кыргыз тарапка 7 миллион сом зыян келтирилгенин А. Маматалиев 9-майда билдирген.(AU)