Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Жикчилер Донецк облусун эгемен республика деп жарыялады


Өзүн өзү эгемен жарыялаган жикчил региондун лидерлери Донецк элдик республикасын Орусиянын курамына кабыл алууну Москвадан суранышты. Алардын бири Денис Пушилиндин билдирүүсүнө караганда, мындай чечим “Донецк облусунун калкынын референдумда көрсөткөн эркине байланыштуу жана тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында” кабыл алынды.

11-майда өткөрүлгөн референдумда, анын уюштуруучуларынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкандардын 90% региондун көз карандысыздыгын тандады.

Украина жана Батыш өлкөлөрү референдумду мыйзамсыз деп атады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки:

- Биз Донецк жана Луганск облустарында өткөрүлгөн мыйзамсыз референдумду тааныбайбыз. Бул Украинанын мыйзамдарына каршы келет жана өлкөдө башаламандыкты күчөтөт. Шайлоочуларды ташымай, кайра-кайра добуш берүү сыяктуу терс көрүнүштөр орун алганы байкалды. Биздин көңүлүбүз 25-майда боло турган президенттик шайлоого бурулуп турат.

Донецк облусу менен удаалаш Украинанын Луганск облусу да өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялады. (AiT)

XS
SM
MD
LG