Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Талиптер Ооганстанда жазгы жүрүштөрүн башташты


Ооганстандын Жалал-Абад шаарында өкмөттүк аскерлер менен талиптердин бири-бирин буктурмага алган учуру. 12.5.2014.
Ооганстандын Жалал-Абад шаарында өкмөттүк аскерлер менен талиптердин бири-бирин буктурмага алган учуру. 12.5.2014.
Жыл сайын кайталанчу жазгы согуш аракетин жандандырып, ооганстандык талиптер жалпы өлкө боюнча чабуулдарды башташты.

Жоочулардын куралдуу тобу 12-майда Нангархар вилайетинде Адилеттик министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнө чабуул коюшту.

Жалал-Абад вилайетинин борборунда полиция менен жоочулардын атышуусу орун алды. Газни вилайетинде полиция бекетине кол салуудан кеминде үч киши каза тапты.

Ал эми Кабулда аба майданы жана Баграмдагы аба майдан талиптер тарабынан ракета менен аткыланды. Маалыматтарга караганда, андан эч ким жабыркаган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG