Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Евробиримдик украин кризисине байланыштуу санкция тизмесин кеңейтти


Донецк жана Луганск облустары Украинадан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин Европа Биримдиги Орусия жана Украина жарандарына каршы киргизилген санкция тизмесин кеңейтти. Санкция киргизилгендердин катарында Орусиянын президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Вячеслав Володин баш болгон жогорку даражалуу чиновниктер, Украинадагы жикчилердин лидерлери жана Крымда жайгашкан эки компания бар. АКШ эки облуста өткөрүлгөн референдумду тааныбасын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки билдирди:

-Биз Донецк жана Луганск облустарында өткөрүлгөн мыйзамсыз референдумду тааныбайбыз. Бул Украинанын мыйзамдарына каршы келет жана өлкөдө башаламандыкты күчөтөт.

11-майдагы референдумдун жыйынтыгына таянган жикчилер Донецк облусун Орусиянын курамына кошууну Москвадан суранышты. Алар ошондой эле 25-майда Донецк жана Луганск облустарында президенттик шайлоо өткөрүлбөйт деп билдиришти.

Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон "25-майдагы шайлоону бузуу санкциялардын андан ары кеңейишине жол ачат" деп эскертти. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG