Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Дельфа оюндарында кыргызстандыктар 15 сыйлыкка ээ болду


Орусиянын Волгоград шаарында 2-7-майда өткөн таланттуу жаштардын Дельфа оюндарына Кыргызстандан элүү катышуучу кеткен. Классикалык, элдик жана заманбап искусствонун түрлөрү боюнча 29 номинация болгон. Анын 13үн Кыргызстандан барган ырчы, бийчи, сүрөтчү жана башка өнөрлүү жаштар жеңип алганын Маданият министрлигинен билдиришти. Алтын, күмүш, беш коло медалын, сегиз диплом алган кыргызстандыктар бардыгы болуп он беш сыйлыкка ээ болушту.

Бул жолку Дельфа оюндарына дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 10-25 жаштагы 2,5 миң таланттуу жаштар катышты.

Олимп оюндары менен катар Байыркы Грецияда көркөм талант жагынан таймаштар уюштурулуп турчу. Искусствонун бардык түрлөрүн камтыган өнөр таймаш Дельф шаарында өтчү. (АТе)

XS
SM
MD
LG