Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Кандуу Анжиян окуясына тогуз жыл болду


2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Бабур аянтында болгон кандуу окуядан бери 9 жыл өттү. Ал күнү, расмий маалымат боюнча, 187 киши бийлик аткан октон мерт кеткен. Көз карандысыз булактар курман болгондор андан бир нече эсе көп экенин айтып келет. Эл аралык коомчулук Анжиян апааты боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү суранган, бирок Ташкен буга макулдук берген эмес.

Ал күнү жергиликтүү жашоочулар демонстрацияга чыккан. Алар Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамия" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 ишкердин абактан бошотулуусун талап кылышкан. Демонстрация учурунда аймактагы экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына карата да нааразылык айтылган.

Митингге чыккандар өлтүрүлө баштаганда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өткөн. Бир нече күн алар Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен баш калкалашкан. Көпчүлүгү Кыргызстандан эле түз чет өлкөлөргө чыгып кеткен.

Апаат курмандыктары Өзбекстанда расмий түрдө эскерилбейт. (SE)

XS
SM
MD
LG