Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

АКШ Донецк жана Луганскта өткөн “референдумду” тааныбайт


Мындай билдирүүнү Мамлекеттик департаменттин пресс-катчысы Жен Псаки жасады. Ал бул “референдумдун” мыйзамсыз экенин кошумчалап, мындай аракеттер өлкөнү бөлүп-жарууга алып келерин айтты.

АКШнын өкүлү баалагандай, “референдумдун” өтүшү ар кандай мыйзамсыз көрүнүштөр менен коштолгон. Маселен, байкоочулар алдын ала белгиленген бюллетендерди, балдардын, жок адамдардын добуштарынын кошулганын, керек болсо Москва менен Санкт-Петербургдун жашоочуларынын добуштары да кошулуп кеткенин белгилешкен.

Мамдепартаменттин маалымат катчысынын айтымында, АКШнын көңүл борборунда азыр 25-майга белгиленген президенттик шайлоо турат. Ал алдыдагы өнөктүк Украинаны бириктирип, жарандарга өз өлкөсүнүн келечеги үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет деп эсептейт. Псакинин пикиринде, "орус тарап Украинанын көз карандысыздыгынын жана демократиялык келечегин колдоодо көп көмөк көрсөтсө болмок".

Ушундай эле билдирүүнү Ак үйдүн өкүлү Жей Карни жасады. Ал Ак үй орус өкмөтү өз таасири менен бул добуш берүүнү токтотууга эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG